Президент Греция Республикасынын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Греция Республикасынын тышкы иштер министрин кабыл алды

Греция Казакстанды аймактагы  туруктуулукка кепил болгон, Борбор Азиядагы эң чоң ири өлкө катары карайт. Бул тууралуу Грециянын тышкы иштер министри Николаос Дендиас президент Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани беришти.  Мамлекет башчысы эки өлкө көп тараптуу аянтчаларда тыгыз мамиледе болуп келе жатканын белгилеп. Бул жаатта Казакстан өз ара кызматташуунун көрсөткүчтөрүн жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөп жатканын баса белгиледи. Өз кезегинде Николаос Дендиас Касым-Жомарт Токаевге эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков