К. Токаев VIII чакырылышта шайланган Парламенттин алгачкы сессиясынын жыйынына катышты

К. Токаев VIII чакырылышта шайланган Парламенттин алгачкы сессиясынын жыйынына катышты

Президент мыйзам чыгаруучу орган элдин жыргалчылыгын жогорулатуучу документтерди кабыл алууга артыкчылык бериши керектигин баса белгиледи. Кош  палата мындан ары да биргелешип сот жана укук коргоо системасынын мыйзамдарын өркүндөтүшү керек. Дагы бир жаңылык: өлкөнүн премьер-министрликке талапкерин шайлоодо жеңип чыккан «Аманат» партиясы сунуштайт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Популизмге, жеке кызыкчылыкка жол берилбеши керек. Парламент менен маслихаттар ар дайым бирге иштөөгө тийиш. Ошондо мамлекеттик саясат дагы ырааттуу болот. Борбор бийликтин колунан келбеген масштабдуу көйгөйлөргө өз убагында көңүл бурат. Реформалардан кийин депутаттардын ыйгарым укуктары бир аз кеңейди. Кош палатанын ишине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин мыйзам долбоору Мажилис тарабынан жактырылып, Сенат тарабынан кабыл алынган. Эми мыйзамдарды кабыл алуу укугу Мажилиске берилди. Мажилис башка да артыкчылыкка ээ болду.

Айтылган сөз атылган ок менен барабар экенин саясий жарышта жеңип чыккан эл өкүлдөрү жакшы билет. Саясий трибунага жаңыдан келген депутаттар Мажилисте кандай маселелерди көтөрөт?

Асхат Аймагамбетов, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Буга чейин өкмөттө иштегенден кийин менде бир нече мыйзам долбоорлору даяр деп айта алам. Медицина кызматкерлеринин макамын көтөрүү керек. Маданият кызматкерлери, өзгөчө китепканачылар бар, аларды да колдоо зарыл.

Даулет Мукаев, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Учурда «Нурлы жер» мамлекеттик программасы таптакыр эскирген деп айтсак болот. Анткени ал жактагы үйдүн чарчы метри менен баасы, сапаты дал келбейт. Мунун баарын өзгөртүү керек.

Даулет Турлыханов, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бала бакчалар, мектептердин жетишсиздиги бар. Алыска барбай эле Астана шаары өсүүдө, калктын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, алгач ушундай маселелерди айтуу керек.

Элге берген убадасына туруу үчүн депутаттар колдорун Конституцияга коюп, ант беришти. Эми иш менен далилдей турган убакыт келди. Аны аткара албаса, эл берген мандатын кайра кайтарып алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков