Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бул тууралуу мамлекет башчы өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

«Биздин өлкөлөрдү тарыхый достук жана кызматташтык байланыштары бириктирип турат. Мындай ар тараптуу мамилелер  стратегиясы мындан ары да өнүгө берет»,- деди Касым-Жомарт Токаев.

Эске сала кетсек, бугу айынын 28де Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, өлкөнүн азыркы президенти жеңишке жетишкен. Ошентип, Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 52,14 пайызын, анын атаандашы Кемал Кылычдароглу 47,86 пайыз добуш алды. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы Кулжа айынын 1де жарыяланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков