БУУ Казакстандын тынчтыкты сактоо ишмердигине кошкон салымын жогору баалады

БУУ Казакстандын тынчтыкты сактоо ишмердигине кошкон салымын жогору баалады

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Эл аралык уюм Астана тыгыз кызматташуу жылдарында тынчтыкты сактоодо өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, казакстандык аскер кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн көрсөткөнүн баса белгиледи. Ошол эле учурда Алматыдагы тынчтык орнотуучу күчтөрүн даярдоо борборунун алкагында бул багыттын дараметин жогорулатуу үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөнү айтылат. Өз кезегинде өлкөнүн тышкы саясат бөлүмү БУУнун алкагында тынчтыкты сактоо боюнча иш-чараларды мындан ары да арттырууга ниети бар экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков