Казакстан айылдар менен шаарлар ортосундагы диспропорция мүмкүн боюнча азайтылат

Казакстан айылдар менен шаарлар ортосундагы диспропорция мүмкүн боюнча азайтылат

Ошентип, 2027-жылга чейин мурда орто категориядагы айылдардын баары камсыз болуучу жогорку деңгээлдеги айылдарга айланат. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Мажилисте өткөн жыйында билдирди. Алибек Куантыров республиканын калктуу конуштары үчүн аймактык стандарттардын жаңыланган системасын киргизди. Системаны өнүктүрүү өткөн жылы бир жыл ичинде жүргүзүлгөн. Документте элге керектүү объектилердин жана кызматтардын минималдуу жана так тизмеси көрсөтүлгөн.

Алибек Куантыров, улуттук экономика министри:

- Жаңы система турмуштун социалдык, инженердик-транспорттук, экологиялык жана турмуш-тиричилик чөйрөлөрүндө 12 багытта түзүлгөнүн слайддан көрүүгө болот. Калктуу конуштар республикалык жана облустук, ошондой эле райондук шаарлар жана райондук борборлор, айылдык округдардын борборлору, негизги айылдык калктуу конуштар жана башка айылдык калктуу конуштар сыяктуу 5 категорияга топтоштурулган. Ошондой эле, мен буга чейин система тарабынан көрсөтүлүүчү объектилердин жана кызматтардын тизмеси калктуу конуштун ар бир түрү боюнча кеңейтилгенин айттым.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкө аймактарды өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатат. Максаттуу трансферттерден бир кыйла каражаттар бөлүнүүдө. Мисалы, 2023-2025-жылдары аймактарды өнүктүрүүгө 4,5 триллион теңге бөлүү каралган. Ошондой эле республиканын 14 облустук борборлорунда инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү мерчемделүүдө. Жалпы баасы 42 миллиард теңгеден ашык 67 бюджеттик инвестициялык долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Ошол эле учурда “Өлкө айыл бешиги” долбоорунун алкагында калктуу конуштардын жашоо сапатын жакшыртууга 200 миллиардга жакын каражат багытталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков