Эл Башынын Казакстан менен түрк дүйнөсүнө кошкон салымы талкууланды

Эл Башынын Казакстан менен түрк дүйнөсүнө кошкон салымы талкууланды

Түркиянын борборунда өткөн көргөзмөгө Казакстандын түзүлүшүнүн маанилүү этаптарын чагылдырган 400дөн ашык экспонат коюлду. Алардын арасында улуттук кийимдер, боштондук үчүн күрөштүн түрдүү этаптарындагы Казакстандын тарыхы боюнча экспонаттар сунушталган. Ал тургай өлкөнүн биринчи Президентинин инаугурациясында төшөлгөн ак кийиз да бар. Ал эми Түрк биримдиги бөлүмүндө Казакстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли көрсөтүлгөн.

Айхан Туглу, Түркия президенти администрациясынын алдындагы китепкана мүдүрү:

- Мындай көргөзмө Улуттук китепканада өтүп жатканына кубанычтабыз. Бул Түркиядагы эң чоң китепкана. Жарым жылда китепканага 600 миң адам келет.

Ошондой эле, «Түрк дүйнөсү: тарыхы, бүгүнкүсү, келечеги» аттуу эл аралык конференция өттү. Анда белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер чогулду. Белгилей кетсек, эки иш-чара тең Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Бакытжан Темирболат, РКнын Туңгуч Президенти – Эл Башы китепканасынын мүдүрү:

- Эки окуянын Түркияда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы бекеринен эмес. Анткени Түркия эгемендүүлүгүбүздү биринчи болуп тааныган, бизди ар дайым колдоп келген боордош эл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков