Казакстан менен Өзбекстан унаа жасоо тармагындагы ишкердик мамилелерин өнүктүрүүдө

Казакстан менен Өзбекстан унаа жасоо тармагындагы ишкердик мамилелерин өнүктүрүүдө

Казакстан менен Өзбекстан унаа жасоо тармагында кызматташууну өнүктүрүүдө. Бүгүн баш калаада казак-өзбек ишкерлер кеңешинин IV сессиясынын алкагында 200 миллиард теңгеден ашык эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Белгилей кетсек, иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Казакстанга кайра шайлангандан кийинки алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында болду. Келишимде ата мекендик автоунаалардын ассортиментин көбөйтүү каралган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 160 миллиард теңге инвестиция тартуу мерчемделүүдө. Эки тараптуу келишимде айыл чарба техникасы тармагында кызматташууну кеңейтүү да камтылган. Белгилей кетсек, Казакстан менен Өзбекстандын өнөр жай кооперациялары Нур-Султан жана Костанай шаарларында бир катар ийгиликтүү долбоорлорго ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков