Ыктыярчылардын иши эмгек тажрыйбасына эсептелиши мүмкүн

Ыктыярчылардын иши эмгек тажрыйбасына эсептелиши мүмкүн

Ыктыярчылык ишти мамлекеттик кызматка кабыл алууда иш тажрыйбасы катары кароо сунушталып жатат. Ошондой эле, ыктыярчылык менен алектенген студенттерге кошумча стипендия төлөнөт. Мындай толуктоолор Мажилисте каралып жаткан ыктыярчылык кызмат тууралуу жаңы мыйзам долбоорунда мерчемделип жатат. Муну менен катар, волонтёрлор үчүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү гранттарды киргизүү көздөлүүдө. Буга кошумча, депутаттар кеңселерди ыктыярчыларга жана кайрымдуулук уюмдарына жеңилдетилген шарттарда ижарага берүүнү колдоорун билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков