Түндүк Казакстан облусунун тургуну казак музыкалык аспаптарын жайылтууну ишке ашырып жатат

Түндүк Казакстан облусунун тургуну казак музыкалык аспаптарын жайылтууну ишке ашырып жатат

Түндүк Казакстан облусунун тургуну казак музыкалык аспаптарын жайылтууну ишке ашырып жатат. Ризабек Төлеубек домбра жасоочу цех ачты. Чебердин айтымында, ал кол өнөрчүлүккө бала кезинен эле кызыга баштаган. Ар бир домбранын өзүнүн үнү болот. Ризабек белгилегендей, бул үчүн музыкалык аспаптар кандай жыгачтан жасалганы маанилүү. Мисалы: алма, тал, кайың.

Ризабек Төлеубек, кол өнөр чебери:

- Кайыңдан жасалган домбра сонун угулат. Бул дарак менен биринчи жолу өлкөнүн түндүгүнө көчүп келгенден кийин иштей баштагам. Буга чейин алма, өрүк, талдан музыкалык аспаптарды жасагам. Азыр кайың менен иштейм.

Ризабек Төлеубек билими боюнча музыкант, бүгүнкү күндө ал балдарынын искусствого болгон сүйүүсүн ойготууга аракет кылып келет. Анын эки кызы бар, алар да азыр домбра черткенди үйрөнүп жатышат.

Суңгула Ризабек, Р. Төлеубектин кызы:

- Атам бул домбраны мага атайын жасап берген. Мага бул музыкалык аспап жагат. 10 жашымдан баштап черткенди үйрөндүм, учурда эки күүнү билем. Биринчи күү «Би», экинчиси «Кеңес» деп аталат.

Ризабек музыкалык аспаптарды гана жасабастан, өзү да күү жазат. Анын айтымында, жаштар улуттук искусство эмне экенин өз көзү менен билиши үчүн алар менен тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков