Калктын саны 2050-жылга карата 27 миллиондон ашуусу мүмкүн

Калктын саны 2050-жылга карата 27 миллиондон ашуусу мүмкүн

Казакстандын калкынын саны 2050-жылга чейин 27 миллиондон ашуусу мүмкүн. Мындай божомолду Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору билдирди. Талдоо былтыркы курмандыктардын, төрөлүү жана миграциялык көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлгөн. Ага ылайык, терс сценарийде дагы калктын саны 23 жарым миллиондон кем эмес болушу керек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 19 миллиондон ашык адам жашайт. Бул жаатта Шымкент менен Нур-Султан калаалары алдыда. Жакынкы 30 жылда шаарларда өсүш эки, эки жарым эсеге жогорулайт деп көздөлүүдө. Алдыңкы үчтүктү толуктаган алматылыктардын саны болжол менен 70% көбөйөт. Оң демографиялык көрсөткүч  өлкөнүн батыш аймагында да байкалууда. Ал эми Казакстандын чыгыш, түндүк жана борбордук аймактарында, тескерисинче, калктын саны азайып баратат. Адистер муну эмгекке жарамдуу жарандардын акча табуу максатында башка өнүккөн аймактарга массалык миграциясы менен байланыштырышат.

Дмитрий Шумеков, ЭМГЕК ресурстарын өнүктүрүү борбору департаментинин мүдүрү:

- Эмне үчүн талдоо жүргүзөбүз? Биринчиден, эмгек рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана жаштардын агымын билүү максатында. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу адамдар кайсы аймактарда аз же көп экенин түшүнүү керек. Буга байланыштуу кооптууларынын кайсынысы кошумча колдоого муктаж экенин өз убагында аныктоо зарыл. Андыктан мындай божомолдор миграциялык саясатты изилдөө жана жагымсыз тенденцияларды оңдоого багытталган тиешелүү чараларды ишке ашыруу үчүн  жасалат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков