Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдагы жаңычылдыктар

Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдагы жаңычылдыктар
vecher.kz

Ыктыярчылык ишмердүүлүк менен алектенген казакстандыктар мамлекеттик кызматка орношсо жеңилдиктерге ээ болушат. Жаныбарларды коргоочу жайлар жана кайрымдуулук уюмдары да өлкөгө колдоо көрсөтүү ниетинде. Алар мамлекеттин жардамына ыраазы болсо болот. Мисалы, коммуналдык менчикти жеңилдетилген шартта алуу. Ушул жана башка өзгөртүүлөр республиканын волонтердук, кайрымдуулук жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамына киргизилди. Бул тууралуу борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде айтылды. Баяндамачылардын айтымында, жаңы нормаларда бул жаатта ардак наамдарды берүү каралган. Аларга бизнес өкүлдөрү, ыктыярчылар, коммерциялык эмес жана кайрымдуулук уюмдары да кайрыла алышат. Айта кетсек, соңкусу азыр жылына бир жолудан кем эмес кирешелери жана чыгашалары, ошондой эле максатка жетүү жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Мунун баарын алар өздөрүнүн веб-сайттарына же массалык маалымат каражаттарына жарыялоосу керек. Президент теке айынын 4дө кол койгон өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам аяк оона айынын башында эле күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

Вера Ким, Парламент Мажилисинин Депутаты:

- Бул мыйзамды Өкмөт менен Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги демилгелеген, биз депутаттар жана мен жумушчу топтун лидери катары мамлекеттик органдардын, кызыктар тараптардын, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 22-отурумду өткөрдүк. Ага ыктыярчылык жана кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү, анын ичинде серепчилер катышты. Биз үчүн мыйзам долбоорунда ошол кезде түздөн-түз киргизилген бардык пикирлерди жана түзөтүүлөрдү камтуу маанилүү болду. Аталган  мыйзамдык түзөтүүлөр бул багыттарды өнүктүрүүгө жана шыктандырууга багытталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков