Нур-Султанда «Арба» эл аралык көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда «Арба» эл аралык көргөзмөсү ачылды

Ачык түстөр, көркөм образдар, улуттук стилге толгон өзгөчө сүрөттөр. Борбор калаада “Арба” эл аралык көргөзмөсү ачылды. Экспозиция Борбор Азиянын сүрөтчүлөрүнүн түрдүү эмгектерин бириктирет. Анда абстракция, символизм, жада калса модерн бар. Көргөзмөгө 12 автордун 110дон ашык эмгектери коюлган.

Жыргалы Матураимов, сүрөтчү, Кыргызстандын эмгек сиңирген маданий ишмери:

- Менин чыгармаларым көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Түркия, Кытай, Франция, Иран, Орусия, Өзбекстан жана албетте, Казакстанда коюлду. Бирок көпчүлүк көргөзмөлөр Казакстанда өттү. Айрыкча Алматыда. Бул иш-чарага чакырылганыма абдан кубанычтамын. Жашоо адамдардын бири-бири менен аралашуусу, таанышуусу - деп билем.

Султан Ильяев – көптөгөн республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Атактуу ата мекендик сүрөтчү көргөзмөгө өзүнүн 12 эмгегин сунуштады. Алардын ар бири автордун кандайдыр бир чек араны бузууга умтулуусун даана көрсөтүп турат.

Султан Иляев, сүрөтчү, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Мен бул көргөзмөнү башкача көрүнүш атайт элем. Жан дүйнөбүздүн чагылышы, күн нурунун чагылышы, меймандостугубуздун көрүнүшү.. Албетте, ар бир сүрөтчү өз алдынча башкача. Ошондуктан, сүрөттөр ар түрдүү сүйлөйт. Жалпысынан көргөзмө 1 айга созулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков