«Бир туугандар» тасмасы Германиядагы эл аралык кинофестиваль программасына киргизилди

«Бир туугандар» тасмасы Германиядагы эл аралык кинофестиваль программасына киргизилди

Казакстандын кинематографиясынын дагы бир ийгилиги. Ата мекендик режиссёр Дархан Төлөгеновдун "Бир туугандар" аттуу дебюттук көркөм тасмасы Германиядагы беделдүү кинофестивалдын программасына кирди. Бул дүйнөдөгү алдыңкы инди-кино фестивалдарынын бири жана ал «Европалык Санданс» деп аталат. Бул кинофорум дүйнө жүзүндөгү көз карандысыз кинорежиссерлордун чыгармачылыгын колдоо максатын көздөйт. Режиссерунун айтымында, буга чейин ал кыска метраждуу тасмаларды тарткан. Дал ушул чыгармалары менен дүйнөлүк кино аренасында өз ордун таап, өзгөчөлөнө баштаган. Чет элдик сынактарда, анын ичинде Орусия, Монако, Австрия, Египет, Индонезия, Румыния, Канада, АКШ, Германия жана Франциядагы фестивалдарда бир нече байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми "Бир туугандар" тасмасын тартуу идеясы күтүүсүздөн келген - дейт автор.

Дархан Төлегенов,   режиссер:

- Бул эки бир туугандын мамилеси тууралуу тасма. Бири-бирин такыр тааныбагандар бир тууган болуп чыгат. Ошондон кийин, алар мамилени башкача сезе баштайт. Башкы каармандын окуясы мындайча башталат: Бойго жеткен өспүрүм балдар үйүнөн чыгып, биологиялык атасын тапкысы келет. Иликтөөнүн жүрүшүндө атасы бир нече жолу үйлөнгөнүн жана бир нече аял алганын аныкташат. Ошентип, ал бир тууганы бар экенин билип, таанышкысы келет. Жыйынтыгында, иниси экөө атасын чогуу издөөгө киришет.

Германиядан кийин "Бир туугандар" тасмасы Албания жана Орусиядагы кинофестивалдарда да көрсөтүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков