59 казакстандык студент Европа биримдиги стипендиясынын ээлери аталды

59 казакстандык студент Европа биримдиги стипендиясынын ээлери аталды

Европада акысыз билим алуу. Мындай мүмкүнчүлүккө быйыл Казакстандан 59 студент ээ болду. Аларга «Эрасмус+» программасынын билим берүү стипендиясы ыйгарылды. Мыкты студенттер эми Евробиримдиктин 13 өлкөсүнүн эң мыкты университеттеринде магистр даражасында билим ала алышат.

Кестутис Янкаускас, Европа биримдигинин Казакстандагы элчиси:

- Казак студенттери быйыл Евробиримдиктин 11 өлкөсүнө, Норвегия жана Улуу Британияга жөнөтүлөт. Евробиримдиктин лидери Франция болууда, андан кийин Бельгия, Австрия, Чехия, Эстония, Финляндия, Польша, Португалия жана башка өлкөлөр турат. Ал эми адистерге келсек, алар айланма экономика, ядролук физика, айыл чарбачылыгы, IT, коопсуздук жана курчаган айлана-чөйрөнү, ошондой эле техникалык, гуманитардык адистиктерди камтыйт.

Аталган программанын алкагында 2014-жылдан бери үч жүзгө жакын казакстандык Европанын жогорку окуу жайларында билим алган. Анын биринчи этабы 2020-жылы аяктаса, экинчиси өткөн жылы башталган. Ошону менен бирге программалык каржылоонун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Тагыраак айтканда, болжол менен 26 миллиард евродон ашык.

Кестутис Янкаускас, Европа биримдигинин Казакстандагы элчиси:

- «Эрасмус+» программасы бир гана магистратура эмес, ошондой эле тажрыйба алмашуу үчүн келген ар кайсы университеттердин бакалавр студенттери. Бул бир семестрден алты айга чейин. Мындай студенттердин саны 5 миңден ашат жана келечекте дагы көбөйөт. Казакстан магистратура тармагында да алдыда. Маселен, быйыл тандоого 15 арыз түшүп, анын ичинен 59 бүтүрүүчү жеңүүчү аталды.

Келээрки жылы бактысын сынап көрүүнү каалагандар программанын Казакстан сайтына арыз жазышы керек. Кабыл алуу тогуздун айында башталып, жыл аягына чейин уланат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков