Egov mobile аркылуу анализ жыйынтыктарын алуу

Egov mobile аркылуу анализ жыйынтыктарын алуу

Казакстандыктар анализдеринин жыйынтыгын эми Egov mobile аркылуу ала алышат. Лабораториялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн сактоо үчүн бирдиктүү интеграциялык портал кеңейтилет. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Аталган демилгени быйыл ишке ашыруу пландалып жатат. Ошентип, медициналык анализдердин жыйынтыгын тиркемеден көрүүгө болот. Министрлик белгилегендей, Egovдогу «Ден соолук паспорту» бөлүмүндө пайдалуу маалыматтардын аздыгынан эл арасында анча популярдуу эмес. Ошондуктан, жаңы «Egov.Ден соолук» деген аталышта иштелип чыгат. Мындан тышкары, өлкөдөгү ооруканалар менен поликлиникаларда дары-дармектер жана медициналык жабдуулардын бар экендиги тууралуу маалыматты киргизүү көздөлүүдө. Ошондой эле, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги менен биргеликте өкмөттүн электрондук порталы аркылуу жарандарды эмдөө боюнча маалыматты оңдоо мүмкүнчүлүгү ишке киргизилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков