Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайына 50 мамлекеттен делегациялар катышат

Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайына 50 мамлекеттен делегациялар катышат

Казакстандын борборунда ушул аптада өтө турган дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин жетинчи курултайына 50 өлкөдөн 100дөн ашуун делегация катышат. Бул жолугушуунун темаларынын актуалдуулугун жана дүйнөлүк коомчулуктун чоң кызыгуусун көрсөтүп турат. «Азыркы дүйнөдө руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөдө диндердин ролу», «Диний лидерлердин жана саясатчылардын дүйнөлүк диндер аралык диалогду жана тынчтыкты илгерилетүүдөгү салымы, радикализм жана терроризм, өзгөчө диний негизде каршы турууга кошкон салымы» темасындагы негизги маселелер талкууланат. Кытайдын даосизм бирикмесинин жетекчиси Ли Гуанфунун айтымында, Кытайдагы салттуу диндердин өкүлдөрү буга чейин уюштурулган конгресстерге жигердүү катышып келишкен. Алар бул жолу да катышаарын тастыкташты.

Ли Гуанфу, Кытай эл республикасынын даосизм бирикмесинин жетекчиси:

- Бул курултайдын түрдүү диндердин ортосундагы диалогду орнотууга, анын ичинде эл аралык коопсуздук жана коомдук ынтымак маселелери боюнча пикир алмашууга салымы чоң. Жакында Нур-Султан шаарында Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин жетинчи курултайынын ачылышы болот. Дүйнө жүзү пандемияны баштан кечирип жаткан чакта мындай иш-чараны уюштуруу өлкө өкмөтүнөн талыкпаган эмгекти жана көп күч-аракетти талап кылат. Жеке мен башка диндердин өкүлдөрү менен ой бөлүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биргелешип адамзаттын тынчтык жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо алабыз - деп ишенем.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков