Диндер тарыхына арналган көргөзмө

Диндер тарыхына арналган көргөзмө

Байыркы Караханиддердин тыйындары, Будданын айкелдери, кумуралар жана диний ырым-жырымдарды аткаруу үчүн курмандык чалынуучу куралдар, Куран менен Библия көчүрмөлөрү. Борбор калаадагы Улуттук музейде канатын жайган Казакстандагы диндердин тарыхына арналган эл аралык көргөзмөгө ушундай сейрек кездешүүчү экспонаттар коюлду. Экспозиция Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына карата уюштурулган. Ага республиканын Улуттук музейинде жана туңгуч президенттин китепканасында сакталган экспонаттар тандалып алынган. Уюштуруучулардын айтымында, өлкө аймагынан табылган артефакттардын ар түрдүүлүгү Казакстан көп кылымдар бою чыгыш менен батышты байланыштырган маанилүү байланыш түйүнү болгонун далилдейт.

Болат Сарсенбаев,  Нурсултан Назарбаев борборунун конфессия жана цивилизация аралык диалогду өнүктүрүү  боюнча башкармалыгынын төрагасы

- Бекеринен Казакстан диний лидерлердин жыйналган жерине айланган эмес. Тарыхыбызга кайрылсак, өлкөнүн аймагында канчалаган цивилизациялар, диндер эриш аркак келди. Качандыр бир кезде бул жерде Каспий деңизинин жээгинде зароастризм пайда болгон. Буддизм Непал жана Индиянын чек арасынан ашып, азыркы Казакстандын аймагынан өтүп, дүйнөлүк динге айланды. Ар тараптан кербен жолдору биз аркылуу өткөн.

Казакстан аймагындагы диндердин тарыхына арналган көргөзмөлөр аяк оона айынын 16на чейин ачык болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков