Нур-Султанда өтө турган Рим папасынын мессасына 10 миңдей адам катышат

Нур-Султанда өтө турган Рим папасынын мессасына 10 миңдей адам катышат

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын алкагында борбор калаада өтө турган Рим папасынын мессасына 10 миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө. Алардын 3000ден көбү католиктер. Ошондой эле, диний иш-чарага сыйынуучулардан башка карапайым жарандар да катышуу ниетинде. Бул үчүн алар атайын каттоодон өтүшкөн. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайынын расмий өкүлү Назым Жангазынын айтымында, жаңы иш-чарага Казакстандын бардык аймактарынан келе тургандардын катары калың.

Назым Жангазы, Дүйнөлүк жана салттуу  диндер лидерлеринин VII курултайынын расмий өкүлү

- Биринчиден, делегациялардын саны 3 эсе көбөйүүдө.Эми бул чоң көрсөткүч. Жалпы пандемиядан кийинки биринчи ири глобалдык окуя деп айта алабыз. Конгресстин биринчи бөлүгүнөн кийин, саат 16:15те Экспонун жанында Рим папасынын чоң мессасы өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө сыйынуучулар дүйнөнүн төрт бурчунан Рим папасынын артынан ээрчип келишүүдө. Алар Европа мамлекеттеринен, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусиядан чогулушкан. Мындан тышкары, Казакстандын башка шаарларынан да меймандар келип жатышат. Сыйынуучулардын эң көп саны Караганды облусунан болуп чыкты.

Ошондой эле, Назым Жангазынын айтымында, руханий-маданий эл аралык иш-чара өлкөнүн туристтик дараметине оң таасирин тийгизип, инвесторлорду тартууга чоң салым кошо алат.

Назым Жангазы, Дүйнөлүк жана салттуу  диндер лидерлеринин VII курултайынын расмий өкүлү

- Эми ал делегациянын жанында өз делегациясы болот. Ошондуктан 1000ден ашык адам келет. Бул биз үчүн ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот - деп ойлойбуз. Кошумчалай кетсек, аны менен бирге дүйнөнүн төрт бурчунан 180ден ашык журналисттер келе жатышат. СNN, Euronews, Bloomberg, Al-Jazeera сыяктуу медиа гиганттарынын өкүлдөрү келишет. Бүткүл дүйнө Казакстан жөнүндө 2 күн сүйлөшөт. Мунун өзү биздин өлкөдөгү инвестициялык климатка жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк десек болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков