Рим папасы Казакстанга келе жатат

Рим папасы Казакстанга  келе жатат

Ватикан Рим папасынын Казакстанга сапары тууралуу маалымдады. Vatican News маалымат порталы Понтификтин өлкөгө сапарын «тынчтык ибадаты» деп атап, динге ишенгендерди сыйынууга чакырды. Бүгүн Италия борборунун аэропортунан Рим папасы Францисктин учагы Казакстанга учуп кетти. Ал борборго саат 17:45те келиши керек. Белгилей кетсек, Франциск Казакстанга президент Касым-Жомарт Токаевдин атайын чакыруусу менен келмекчи. Мамлекеттик сапардын алкагында Понтифик өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушуп, Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков