Касым-Жомарт Токаев Акордада бир нече жолугушуу өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Акордада бир нече жолугушуу өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Акордада бир нече жолугушууларды өткөрдү. Мамлекет башчысы  Иерусалимдин патриархы Теофил III менен диндер жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Президент конокко VII курултайдын милдеттерин илгерилетүүдөгү дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Курултайга үчүнчү ирет катышып жаткан патриарх форумдун жыйынтыктары бүткүл дүйнөдө тынчтыкты мындан ары чыңдоонун конкреттүү багыттарын иштеп чыгууга өбөлгө болооруна ишеним артты.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кавказ мусулмандары башкармалыгынын төрагасы шейх-уль-Ислам Аллашүкир Паша-Задени кабыл алды. Жолугушууда конфессиялар аралык диалог эл аралык коомчулукту бириктирүү жолдорун биргелешип издөөнүн маанилүү куралы экени айтылды. Касым-Жомарт Токаев Дүйнөлүк руханий лидерлердин конгрессинин жыйынтыктары глобалдык чакырыктарга биргелешип каршы турууга жардам берет - деген ишенимин белгиледи. Өз кезегинде Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы Казакстан диндер жана этностор ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө чоң салым кошконун айтып өттү.

Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев «Аль-Азхар» университетинин жогорку имамы Ахмад ат-Тайебке диний лидерлердин жолугушуусуна чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. «Толеранттулуук менен туруктуулукту, сабырдуулук менен мээримдүүлүктү туу туткан борбордук окумуштуулардын катышуусу абдан маанилүү» - деди президент.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков