Казакстан борборунда Рим папасы Франциск ыйык мессасын өткөрдү

Казакстан борборунда Рим папасы Франциск ыйык мессасын өткөрдү

Нур-Султан шаарындагы ЭКСПО аянтында Рим папасынын ыйык мессасы өттү. Тарыхый мааниге ээ болгон окуяга 10 миңдей адам катышты. Борборго республиканын бардык булуң-бурчунан, ошондой эле Германия, Австрия, Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия мамлекеттеринин сыйынуучулары жана диний өкүлдөрү атайын келишти. Мессаны баштаар алдында Понтифик унаасы менен элди аралап өтүп, кол булгалап учурашты. Белгилей кетсек, диний жөрөлгө латын, казак жана орус тилдеринде окулду. Мессага чогулгандар тынчтык, сүйүү жана адилеттүүлүк үчүн дуба кылышты. «Бул баалуулуктарга түбөлүккө ээ болуу мүмкүн эмес. Алар үчүн күн сайын күрөш жүргүзүү зарыл. Ал эми келечекте Казакстан бир туугандыкта, диалогдо жана түшүнүшүүдө мындан ары өнүгүүсү үчүн башка элдер менен тилектештик жана кызматташтык көпүрөсүн түзүүгө жалпы күч-аракет жумшоо зарыл» - деди Рим папасы Франциск. Насааттан кийин Понтифик Казакстанга ыйык мессанын кумарасын тартуулады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков