Аль-Азхардын жогорку имамы шейх Ахмед ат-Тайеб Нур-Султандын жаңы мечитинде насаат айтты

Аль-Азхардын жогорку имамы шейх Ахмед ат-Тайеб Нур-Султандын жаңы мечитинде насаат айтты

Келээрки жума күнү Аль-Азхар университетинин жогорку имамы шейх Ахмед ат-Тайеб борбор калаанын жаңы мечитинде мусулман коомчулугу менен жолугуп, хутба окуйт. Бүгүнкү күндө жогорку даражалуу конок Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына катышууда. Ошол эле учурда өлкөнүн башкы мечити дүйнөдөгү эң чоң 10 мечиттин катарына киргенин айта кетели. Комплекстин аянты 10 гектарды түзөт. Анда казакстандыктардан башка чет элдик туристтердин агымы көп. Дин кызматкерлеринин айтымында, жаңы мечит келүүчүлөр үчүн руханий агартуу борбору катары каралат.

Серик Ахметов,  КМДБнын алдындагы республикалык башкы мечиттин башкы имамы

- Коноктордун көпчүлүгү бизге атайын келип, маектешип жатышат. Андан кийин кыдырып, көрүп чыгышат. Бизде бир нече тилде атайын даярдалган гиддер бар. Алар мечиттин архитектурасы боюнча маалымат берип, түшүндүрүп беришет. Андан кийин диний багытта биз өзүбүз иштерди алып баруудабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков