Америкалык The National interest журналында Касым-Жомарт Токаевдин макаласы жарык көрдү

Америкалык The National interest журналында Касым-Жомарт Токаевдин макаласы жарык көрдү

"Казакстан - Батыш менен Чыгышты бириктирген көпүрө". Америкалык The National Interest журналында Касым-Жомарт Токаевдин макаласы жарыяланды. Анда мамлекет башчысы Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайынын негизги кайрылууларына токтолуп, форумдун түзүлүш тарыхын баяндайт. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бүгүнкү күндө тоскоолдуктарды жаратуунун ордуна көпүрөлөрдү куруп, жакындашууга багыт алуу зарыл экендигине бурат. Тынчтыкты орнотуу үчүн кайрымдуулуктун, социалдык адилеттүүлүктүн жана моралдык сындын жалпы баалуулуктарын даңазалоо зарыл - деп жазат президент. Касым-Жомарт Токаев 2003-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан эл аралык форум татаал маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү жана беделдүү аянтча болуп калганын белгилейт. Ошондой эле, жаңжалдашкан тараптар үчүн Казакстан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков