Алматы туроператорлор менен кызматташтык түзүүдө

Алматы туроператорлор менен кызматташтык түзүүдө

Парижде туризм жана саякат боюнча ири эл аралык көргөзмө ачылды. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 35 миңге жакын адистер чогулган. Иш-чарага Казакстандын Алматы шаары биринчи жолу көз карандысыз бренд катары катышууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мегаполисти көрүү үчүн Араб, Индия жана Орусия мамлекеттеринен көптөгөн туристтер келишүүдө. Шаардагы мейманканалар ушул учурда 90% толуп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Марлен Маралов, Алматы шаардык  туризм башкармалыгынын башчысынын орун басары:

- Европадан келген туристтердин саны дээрлик үч эсе көбөйдү. Биринчи жарым жылдыкта бизге Франциядан 2 миңден ашык турист келди. Азыр биз Европанын бардык бурчунан келген саякатчыларга жардам беребиз. Көргөзмөлөргө, роуд-шоуларга катышабыз, анткени бул өлкө аймагына жана Алматы шаарына туристтерди тартуунун негизги милдеттеринин бири.

Казакстандык стендге Француз туристтик агенттиктери кызыгуучулук таанытышууда. Компаниянын өкүлдөрүнүн бири Наташа Дему өлкөгө окуу сапары менен келип, жаратылыштын кооздугуна ашык болуп калган. Ошондон бери ал өз кардарларына Казакстанга барууну сунуштап келет.

Наташа Дему, «PARFUMS DU MONDE» туристтик компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы:

- Францияда Казакстанды таанытуу аздык кылат, ал анча таанылган эмес өлкө бойдон кала берет. Бул багытты алга жылдыруу үчүн француз телесинде Казакстан тууралуу кыскача репортаж жасоого кеңеш берем. Чынында, бул дүйнө силердин өлкөлөрүңөрдүн жаратылышынын кооздугун көрүүгө кызыктар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков