«Бир туугандар» тасмасы Германияда сыйлыкка ээ болду

«Бир туугандар» тасмасы Германияда сыйлыкка ээ болду

Дархан Түлегеновдун "Бир туугандар" дебюттук тасмасы Германиянын Ольденбург шаарында өткөн абройлуу кинофорумда «Spirit of Cinema»  сыйлыгын жеңип алды. Айта кетсек, бул фильм дүйнөдөгү алдыңкы фестивалга коюлган биринчи казак тасмасы болуп калды. Картинада балдар үйүнүн бүтүрүүчүсүнүн жашоосундагы драмалык окуя баяндалат, ал бир күнү агасына жолугуп, чогуу атасын издей баштайт.

Дархан Түлегенов, «Бир туугандар» тасмасынын режиссёру:

- Бул тасма бир туугандык мамилелер, сүйүү жөнүндө. Негизги милдетимде бири-бирине такыр эле тааныш эмес адамдар кан байланышы тууралуу билиши керек болчу. Бир тууган темасын көбүрөөк изилдегим келет. Мен үчүн тасмаларымда үй-бүлө темасы абдан маанилүү жана ар дайым актуалдуу. Ошондуктан,  ал кино аркылуу ар кандай жолдор менен изилдеп  чечмелей аласыз.

Белгилей кетсек, “Бир туугандар” фильми АКШ, Канада, Орусия жана Албаниядагы кинофестивалдардын расмий программаларына да кирген. Тасма кийинки жылдын башында ички прокатка чыгат.

 

 

Которгон:  Илгиз Жамалбеков