Президенттик шайлоодо шайлоочулардын «баарына каршы» тандоосу да бар

Президенттик шайлоодо шайлоочулардын  «баарына каршы» тандоосу да бар

Жетинин айынын 20сында боло турган президенттик шайлоодо казакстандыктар баарына каршы добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Шайлоо бюллетендерине атайын графа киргизилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мындай мүмкүнчүлүк былтыр айыл акимдерин шайлоо өткөндө мыйзамда пайда болгонун, ошондон бери бул пункт сакталып калганын түшүндүрүштү. Белгилей кетсек, эң жогорку кызматка талапкерлер 3 миллион теңге өлчөмүндө шайлоо төгүмдөрүн төлөшү керек. Сумма жеңүүчүгө же казакстандыктардын 5% добушун алган адамга кайтарылып берилет.

Константин Петров, Казакстандын БШКнын төрагасынын орун басары:

- Президенттикке талапкерлерди колдоо областтардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана борбордун 2/3 бөлүгүн камсыз кылуу менен шайлоочулардын 1%дан кем эмес колтамгасын чогултуу менен ырасталышы керек. Теке айынын бирине карата БШК тарабынан шайлоочулардын реестрине шайлоого укугу бар 11 миллион 827 миң 277 жаран киргизилген. Ошентип, ар бир талапкерди колдоо үчүн кеминде 118 273 шайлоочунун жарактуу колу топтолушу керек.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков