Ар бир талапкердин үгүт иштерине 10 миллион теңге каражат бөлүнөт

Ар бир талапкердин үгүт иштерине 10 миллион теңге каражат бөлүнөт

Казакстанда өлкө президенттигине талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, республикалык бирикмелер тогуздун айынын 11не кечки саат алтыга чейин өз талапкерин көрсөтүүсү керек. 5 күндүн ичинде комиссия өз чечимин чыгарып, аны каттайт. Бул саясий таймашта талап кылынган документтердин саны 18 болуп бекитилди. Алардын арасында талапкерлерди көрсөтүү, облусттук жана округдук шайлоо комиссияларынын документтери бар. Мындан тышкары, шайлоого ат салышып жаткандарга коюлган талаптар бекитилди. Тактап айтканда, Казакстанда туулган, 40 жашка толгон жаран, ошондой эле мамлекеттик тилди жакшы билген, жогорку билимдүү, беш жыл мамлекеттик кызматта иштеген адам гана президентикке талапкер боло алат. Ошол эле учурда өлкөдө 15 жыл жашаган болушу керек. Дагы бир айта кетчү нерсе, алдын ала маалымат боюнча ар бир талапкерге үгүт иштерине 10 миллион теңге бөлүнөт.

Сабила Мустафина, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

- Каражаттын максаттуу пайдаланылышын Борбордук шайлоо комиссиясы көзөмөлдөйт. Ошону менен бирге комиссия талапкердин шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат. Талапкер бардык талаптарды аткарууга тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков