Канаданын Чыгыш жээгин Фиона бороон-чапкыны кыйратты

Канаданын Чыгыш жээгин Фиона бороон-чапкыны кыйратты

Фиона бороону Канаданын Атлантика жээгине жетти. Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгыр материалдык чыгымга учурап, жарым миллион үйдө электр жарыгы өчүп калды. Ошондой эле, 73 жаштагы кемпирди издөө иштери жүрүп жатат. Бир катар муниципалитеттерде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Катуу шамалдан бир нече провинция жабыр тартты. Айрыкча Ньюфаундленд тургундарын тынчсыздандырды. Катуу шамал үйлөрдү талкалап, бак-дарактарды тамыры менен жулуп, жолдорду суу каптады. Шамалдын таасиринен көтөрүлгөн толкун 12 метрге жетип, жээктин тургундары эвакуацияланды.

Тони, жергиликтүү тургун

Абдан коркунучтуу. Катуу шамал болгон күнү үй-бүлөбүз менен мындан алыс эмес жерде үйдө болгон элек. Бул эки имаратты чоң толкундар каптап кеткенине күбө болдук. Аларды толугу менен жууп кеткен. Биз мындай катуу бороон болот деп күткөн эмеспиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков