Швейцарияда аялдардын пенсияга чыгуу курагы узартылды

Швейцарияда аялдардын пенсияга чыгуу курагы узартылды
Swissinfo

Швейцарияда аялдардын пенсияга чыгуу курагы көтөрүлдү. Эми алар 65 жаштан пенсияга чыгышат. Расмий маалыматтарга караганда, референдумда шайлоочулардын 51% жакыны жаңы реформаны колдоду. Ага ылайык, пенсияга чыгуу курагы аялдар жана эркектер үчүн да бирдей болот. Акыркы жолу мындай реформа Швейцарияда 25 жылдан ашык убакыт мурун жүргүзүлгөн. 2004 жана 2017-жылдары мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү колдоо тапкан эмес. Реформаны жактагандар азыркы экономикалык жана демографиялык кырдаалда аялдар менен эркектер бирдей иштеши керек - деген пикирди негизге алышты. Белгилей кетсек, буга чейин өлкө бийлиги пенсия курагын жогорулатуу жакынкы он жылда 5 миллиард долларга жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берээрин белгилеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков