Парижде климатты коргоого арналган акция өттү

Парижде климатты коргоого арналган акция өттү
Хабар 24

Парижде климатты коргоого арналган акция өттү. Өлкөнүн борбору Парижде жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, бийликке кайрылуу жасашты. «Бизди чоң трагедия күтүп турат, тезинен чара көрүшүбүз керек» - деп кыйкырышты. Митингчилердин көпчүлүгү жаштар, жогорку окуу жайларынын студенттери. Акцияга чыккандар өлкөдө жарнактарды кыскартуу керектигин айтышууда. Жарнама жаратылыш ресурстарын ашыкча керектөөгө алып келет - дешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков