Казакстан БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүүнүн глобалдык рейтингинде 28-орунга ээ болду

Казакстан БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүүнүн глобалдык рейтингинде 28-орунга ээ болду

Электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун рейтингинде Казакстан 28-орунга чыкты. 2020-жылга салыштырмалуу республика 29-орундан бир тепкичке көтөрүлдү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдирди. Рейтингди чыгаруу процессинде эл аралык уюмдун серепчилери электрондук кызматтардын жана адамдык капиталдын, ошондой эле телекоммуникациялык инфраструктуранын өнүгүшүнө баа беришет. Министрлик белгилегендей, Казакстан электрондук өкмөттүн инфраструктурасына жүктөмдүн жогорулашына карабастан, эки жыл ичинде өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алды. Өлкө келечекте Бириккен улуттар уюмунун рейтингинде алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирүү үчүн ата мекендик маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын сапатын жогорулатууну көздөп жатат. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө eGov Mobile тармагында 500гө жакын мамлекеттик жана анын 212си eGov.kz порталынын кызматтары. Белгилей кетсек, рейтинг эки жылда бир түзүлүп, аны БУУга мүчө 193 өлкө баалайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков


ТЕГИ: Казакстан, БУУ, электрондук өкмөт