Павлодарда Улуу Ата мекендик согушта каза болгон эки жоокердин мүрзөлөрү табылды

Павлодарда Улуу Ата мекендик согушта каза болгон эки жоокердин мүрзөлөрү табылды

Павлодарда издөө системалары Улуу Ата мекендик согуш майданында каза болгон казак кызыл армиясынын эки жоокеринин мүрзөлөрүн табышты. Панфиловчулар аларды Орусиянын Тверь облусунан жана Беларустун Могилев облусунан таап, көп жылдардан бери дайынсыз жоголгон Кабсамат Ахметов менен Закария Армизовдун туугандарына көмүлгөн жерден топурак салынган капсулаларды жеткиришкен. Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Павлодар облусунан 46 миңден ашуун адам фронтко аттанган. 20 миңден көп киши согуш талаасынан кайтпай калган. Дайынсыз жоголгондордун көбүнүн тагдыры азырынча белгисиз.

Жамбыл Садвакасов, Согушка катышкан Кабсамат Ахметовдун тууганы:

- Кабсаматты кайра эле согуш күндөрү биринчи жолу порох жыттап койгонсуп, согушка алып барышты. А билесизби, согуштан кийин бизде эч кандай маалымат болгон жок. Апам ал жактан жок дегенде бир ууч топурак болсо, жок дегенде анын кайда экенин билгенге дечү.

Рафаель Мухамеджанов Панфиловчулар тобунун издөөчүсү:

- Албетте, архив менен иш жүрүп жатат. Эки ай мурун биз павлодардык актрисабызга 80 жылдан ашык убакыт издеген чоң атасын табууга жардам бергенбиз. Издөө иштеринин жүрүшүндө табылган согушкерлердин жакындарын да издеп жатабыз. Биз сыйлыктарды өткөрүп берүү үчүн орус жана беларус издөө системалары менен кызматташабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков