Калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген

Калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген

Популярдуу базарлар жана банктык тиркемелер аркылуу көмүр сатып алыңыз. Казакстандыктардын ыңгайлуулугу үчүн катуу отун сатуунун мындай варианттары азыр республикада иштелип чыгууда. Өкмөттө калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды. Министрлер кабинетинин жыйынында бул багытта Костанай облусунда пилоттук долбоорду ишке ашыра баштаганы да айтылды.

Алихан Cмаилов, Казакстандын премьер-министри:

- Бул керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу, абдан жакшы санариптик чечим болуп саналат. Үйдөн чыкпай эле көмүргө буйрутма кылсаңыз болот. Жеринде тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 8 айында өлкөдө 73,5 миллион тоннадан ашык көмүр казылган. Бул бир жыл мурункуга караганда 6 пайызга көп. Ошондой эле, баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында катуу отундарды автомобиль транспорту менен республикадан тышкары ташып чыгууга алты айга чектөө киргизилип, аны үзгүлтүксүз ташып келүү чаралары көрүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков