Казакстанда билим берүү жараянын санариптештирүү ыкчамдатылды

Казакстанда билим берүү жараянын санариптештирүү ыкчамдатылды

Казакстанда билим берүү жараянын санариптештирүү ылдамдады. Өлкөнүн премьер-министри «Ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунун алкагында бир катар тапшырмаларды берди. Ошентип, Алихан Смаилов окуу китептерин электрондук форматка өткөрүү менен бирге айылдагы мектеп окуучуларын планшет менен камсыз кылуу керектигин айтты. Тактап айтканда, облустук администрацияларга “Казакстан эли” фонду менен биргеликте гаджеттерди сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошол эле учурда санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги байланыш операторлору менен биргеликте өлкөнүн бардык мектептерин сапаттуу интернет менен камсыз кылуусу зарыл, деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. Белгилей кетсек, улуттук долбоордун алкагында 800 миң окуучуга ылайыкталган жаңы форматтагы мектептерди куруу пландалууда. Алихан Смаилов аларга аймактарда мектеп курула турган жерлерди аныктоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков