Түркияда рекорддук инфляция

Түркияда рекорддук инфляция

Түркияда жылдык инфляция 83 пайыздан ашты. Бул акыркы 24 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Аяк оона айында өлкөдө керектөө бааларынын өсүү темпи уланып, инфляция 3,08 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика институту билдирди. Баарынан да Түркияда транспорт кызматтары, тамак-аш жана эң керектүү буюм-тайым  кымбаттады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков