Казакстан KazSat спутнигин алмаштырууда Түркия менен өнөктөш болот

Казакстан Түркия менен космостук технология тармагында өнөктөш болот. Тагыраак айтканда, эки өлкөнүн адистери биргелешип KazSat 3 спутнигин KazSat 3R менен алмаштыруу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Түркиянын Коргоо өнөр жай агенттиги жана TurkishAerospace өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин билдирди. Багдат Мусиндин айтымында, азыркы KazSat 3 спутнигин алмаштырып, ал иштен чыкканга чейин жаңы, заманбап спутникти даярдоо пландалууда. Бөлүм келерки жылдын бирдин айына карата техникалык документтерди жана акыркы эсептөөлөрдү даярдайт. Казакстан түркиялык адистердин космостук жабдууларды өндүрүү тармагында инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасына кызыкдар.

«Turk Aerospace компаниясынын авиация жана космос тармагындадүйнөнүн эң чоң 100 коргонуу компаниясынын арасында орун алганынэске алсак, ондогон спутник учурган кесиптештерибиздин тажрыйбасы биз үчүн пайдалуу экени талашсыз. Биз спутниктерди чыгарууну ушундай деңгээлге жеткире алабыз деп ишенем”,-деп жазды министр социалдык тармактагы баракчасына.

Которгон: Илгиз Жамалбеков