Түркологдордун эл аралык конгресси

Түркологдордун эл аралык конгресси

Түркестанда түркологдордун эл аралык конгресси өтүп жатат. Ал агартуучу, тилчи, түрколог Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдыгына арналып, беш өлкөнүн окумуштуулары чогулду. Онлайн режиминдеги иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы мүдүрүнүн орун басары Габриэла Рамос да катышты. Окумуштуулардын айтымында, быйыл Ахмет Байтурсыновдун эмгектерин басып чыгаруу, архивдик материалдарды издөө, сыйлык жана төш белгилерди бекитүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Анын ысымы мектептерге, көчөлөргө жана Костанайдагы аэропортко берилген. Жакынкы арада окурмандардын назарына агартуучунун чыгармаларынын 12 томдук жыйнагы, 4 тилде – казак, орус, англис жана түрк тилдеринде сунушталат.

Гулжанат Ерджиласун, профессор, /Түркия/:

Быйыл Байтурсыновдун чыгармачылыгы боюнча презентацияны бештин айынын 8не даярдадык. Дал ушул күнү аны атып кетишкен. Бул күнү китептин бет ачарын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков