Казакстанда жаштардын чек жашы 35ке чейин узарышы мүмкүн

Казакстанда жаштардын чек жашы 35ке чейин узарышы мүмкүн

Казакстанда жаштардын чектүү жашы 29дан 35ке чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү документ азыр Мажилисте жактырылып, Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу казакстандыктар жана талдоочулар кандай ойдо? Коомчулуктун пикирин кабарчыбыз билип көрдү.

Көптөгөн Европа өлкөлөрүндө жарандар үчүн 35 жаштык чактын чеги деп эсептелет. Бул тууралуу өткөн жылы Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинин жыйынында айткан. Мамлекет башчынын айтымында, бул кеч никеге туруу, башкача айтканда, үй-бүлө куруунун орточо жашынын жогорулашына байланыштуу. Себеби, жаштар убактысынын көбүн билим алууга, квалификациясын жогорулатууга жумшашат. Бүгүнкү күндө республикада жаштардын категориясында 3,5 миллиондон ашык казакстандык бар. Эгерде мыйзам кабыл алынса, алардын саны дароо эки эсеге көбөйөт.

Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:

Эгерде аталган норма тиешелүү мыйзамдык процесстерден өтүп, мыйзамдуу күчүнө кирсе, жаштар саясатына оң таасирин тийгизип, бир катар социалдык көйгөйлөр чечилет. Өткөн жылы казакстандык «Руханий жаңыруу» коомдук өнүгүү институту калк арасында атайын сурамжылоо жүргүзгөн. Суроолордун бири жаштардын чектүү  жашын 35ке чейин көтөрүү болду. Сурамжылоого катышкан жарандардын 60%дан ашыгы бул демилгени колдой турганын билдиришти.

Адистердин айтымында, жаш куракты жогорулатуу алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат. Жаштарды колдоо боюнча көптөгөн мамлекеттик программалар бар. Учурда анын пайдасын 29 жашка чейинки жаштар гана көрө алышат. Көптөр берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого аракет кылышканы менен бул жаштан жогоркулар жаңы долбоорлорго катыша алышпайт. Ошондуктан, жаштык курагы дагы 6 жылга жылдырылышы мүмкүн.

35 жашка чейин? 30 жыл жетиштүү деп ойлойм. 35 жаш деген кеч сыяктуу.

Мен колдойм. Жаштарга берилген мүмкүнчүлүктөрдү жаш чоң жарандар да колдонушу керек деп эсептейм. Баары  колдоого муктаж.

Бир жагынан мунун терс жактары бар. Дагы убакыт бар деп жүрө бериши мүмкүн. Ошентип жалкоо болуп, ийгиликке тез жетүү жөндөмүнөн айрылып калат.

Бул абдан жакшы демилге, мен аны колдойм. Жаштарга жол ачып, колдон келишинче жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү зарыл. Анткени азыр бутуна туруп, жашоо жолун тандоо оңой эмес. Кесипти үйрөнүп, акча таап, өзүн, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Ошондуктан жаштын узартылышын кубаттайм.

Бул абдан жакшы, эгерде жаштардын жаш чеги 35ке чейин көтөрүлсө, көптөгөн адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Анткени 30 жашка чейин аны көп адамдар түшүно бербейт. 30дан кийин түшүнгөндө кеч болуп калат.

Өлкөнүн Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, ар бир 5-казакстандык мындай жаңычылдык келечекке ишенимди арттырып, жаштардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатат деп эсептейт. Сурамжылоого катышкан респонденттердин төрттөн бири, мындай өзгөртүү үй-бүлө куруунун жашын жогорулатып, балдардын төрөлүүсүн кечеңдетет деген пикирди карманышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков