Казакстанда дан эгиндеринин түшүмү соңку 10 жылда

Казакстанда дан эгиндеринин түшүмү соңку 10 жылда

Быйыл Казакстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү акыркы 10 жылда болбогон рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу Өкмөт башчынын биринчи орун басары Роман Скляр билдирди. Тагыраак айтканда, күзгү эгинди жыйноо мезгилинде 23 миллионго жакын буурчак жана кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27%га көп. Буудайдын жалпы түшүмү эле 30%га өскөн. Роман Скляр каржылык колдоо айыл чарба тармагында өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жардам бергенин айтат. 2022-жылы эгин эгүү жана түшүм жыйноо иштерине 220 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул былтыркыдан эки эсе көп. Жыл башынан бери агро өнөр жай комплексинде 132 миллиардды түзгөн 180 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Бештин айынын аягына чейин алардын саны 237 миллиард теңгеге жеткирилет. Ошондой эле, президенттин тапшырмасына ылайык  пайдаланылбай жаткан 5 миллион га жер мамлекетке өткөрүлдү. Мындай көлөмдөгү жер кийинки жылы мамлекетке кайтарылат,- дейт Роман Скляр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков