Макроэкономикалык изилдөөнүн жыйынтыгы

Макроэкономикалык изилдөөнүн жыйынтыгы

Казакстандын экономикасын калыбына келтирүү процесси 2023-жылдын экинчи жарымында башталып, 2024-жылы уланат. Муну Улуттук банктын талдоочулар коомчулугу арасында жүргүзгөн кезектеги макроэкономикалык изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөтүп турат. Талдоочулардын экономикалык өсүш боюнча божомолдору өзгөрүүсүз калды. 2023-жылы күтүлгөн өсүү темпи 3,8%, ал эми 2024-жылы болжол менен 4% болот. Ал эми инфляциянын болжолу кайра каралып чыкты. Адистер 2022-жылга карата инфляциянын деңгээлин 18,5%дан 19%га чейин өзгөртүштү. Деген менен 2023-жылы 11,2%га төмөндөшү күтүлүүдө. Ал эми базалык ченге келсек, жылдык чен орточо 13,9%ды түзөөрү күтүлүүдө. Каржылык жөнгө салуучу орган жүргүзгөн сурамжылоого Казакстанда макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү талдоо жана болжолдоо менен алектенген 12 уюм катышты. Респонденттердин катарына рыноктун кесипкөй катышуучулары, изилдөө институттары, эл аралык уюмдар жана рейтинг агенттиктери кирген. Белгилей кетсек, макроэкономикалык изилдөөдө Улуттук банктын болжолу каралган эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков