«Ачык Казакстан 500+» миграция саясатынын жаңы концепциясы бекитилди

Казакстанга квалификациялуу кадрлардын келишине шыктандыруу, чет өлкөдө иштеген казакстандыктардын укуктарын коргоо, эмгек мигранттарынын агымын эсепке алуу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү. Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министри Тамара Дүйсенова өкмөттө Ачык Казакстан 500+ миграциялык саясаттын жаңы концепциясын тааныштырды. Бул документ аталган багыттагы 2023-2027-жылдарга иш-чаралардын комплексин камтыйт. Кененирээк кабарчынын материалында.

Казакстандын экономикасына 300 миң доллардан кем эмес инвестиция салган чет элдик ишкерлерге Инвестордук виза киргизилет. Башкача айтканда, бул документ өлкөнүн аймагында жашоого, бизнести каттоого, ишкердик менен байланышкан бардык операцияларды эркин жүргүзүүгө жол ачат. Мындай мүмкүнчүлүктөр 100 чет элдик окумуштуу-окутуучуларга берилет. Бул категория үчүн 10 жылдык «Илимий-педагогикалык визанын» жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү пландалууда. Анын негизинде алар Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алуу, андан кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Кошумчалай кетсек, жакынкы 5 жылда өлкөгө 100 тартыш болгон адистик ээлерин тартуу көздөлүүдө.

Тамара Дуйсенова, Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министри:

Бул жерде негизги максат билимдин трансферти жана аталган кесиптерге биздин адистерди даярдоо болуп саналат. Аларга Казакстанда калууга мүмкүндүк берген “баалуу чеберчилик визасы” киргизилет. Ошол эле учурда «Баалуу жөндөмдөрдүн рейтинги» түзүлөт. Мында рейтингдеги тартыш кесиптердин жана адистиктердин тизмеси дайыма жаңыланып турат.

Тарыхый мекенинен алыс жашаган этникалык казактардын дарамети көз жаздымда калбайт. Бул үчүн Эмгек министрлиги “Ата жолу” картасын киргизүүнү сунуштоодо. Бул документ жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөргө же өздөрүнүн жашаган өлкөлөрүндө ийгиликтүү бизнес-кейстерди ишке ашырган жана Казакстанда ишке ашырууга даяр казактарга берилерин Тамара Дүйсенова кошумчалап өттү.

Тамара Дүйсенова, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри:

Андай жарандар 10 жылдык жеңилдетилген визага алышып, Казакстанда жеке бизнесин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Тарыхый мекенин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жыл сайын өтүүчү «Парыз» сынагынын алкагында Президенттин сыйлыгы менен сыйлоону сунуштайбыз. Экинчиси, өлкөгө келген кандаштардын миграциясын жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү. Башкача айтканда, өлкөдөгү демографиялык жана экономикалык тенденцияларды эске алуу менен, документтерди даярдоонун алгачкы этабында кандаштарды жумушчу күчү жетишсиз болгон аймактарга жайгаштырууга кошумча шыктандыруу сунушталат.

Жумушуна байланыштуу чек арадан өткөн өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгын коргоо да көңүл сыртында калган жок. Бул үчүн эң көп топтолгон өлкөлөр менен казакстандык эмгек мигранттарынын укуктарын кепилдеген мамлекеттер аралык келишимдердин топтомун түзүү көздөлүүдө. Мындан тышкары, долбоордун алкагында миграциялык агымды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков