Айыл бизнесинин өнүгүшү

Айыл бизнесинин өнүгүшү

Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, жакынкы 3 жылда айыл аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. мБул багыттагы иштерди биринчилерден болуп Актөбе облусу колго алды. Облуста Айыл аманаты программасы ишке кирди. Элеттиктер бизнести өнүктүрүү үчүн болгону 2,5 пайыз менен насыя ала алышат. Долбоор айылдарда жаңы бизнес объектилерин ачууга, ага жараша эл үчүн жумуш орундарын түзүүгө, малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун калыптандырууга жардам берет.

Мартөк айылынын тургуну Гореловдордун үй-бүлөсү өз талааларында аарылардын балын сатып жатышат. Алар келечекте чакан бизнесин кеңейтүүнү көздөшүүдө. Айыл тургундары Актөбе облусунун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Айыл аманаты» программасынын жардамына таянмакчы.

Александр Горелов, Балчы:

Бул бизнести жаңыдан баштагандарга мамлекетибиз, жергиликтүү бийлик тарабынан чоң колдоо. Бул программа убакыттын өтүшү менен өнүгөт деп ишенем. Мен шарттары менен толук таанышкандан кийин катышууга ниеттенип жатам.

Каржылык бөлүштүрүүнүн шарттарына келсек, анын механизми мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн. Төмөн пайыз менен насыя алуу үчүн айыл тургундары үйлөрүн күрөөгө коюшат. Алар үчүн насыялык мүмкүнчүлүктөр каралган. Ал эми кайтарылган каражат жаңы долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Ералы Тогжанов, Актөбе облусунун акими:

Айыл аманаты долбоорун каржылоо айыл жеринде жаңы жумуш орундарын түзүүгө, малдын жана үй канаттууларынын санын көбөйтүүгө жардам берет. Мунун бардыгы элдин жыргалчылыгын жогорулатат. Мындан тышкары ар бир район боюнча комплекстүү социалдык-экономикалык план түзүлөт.

Долбоорго облустун 12 районунан 24 айыл аймагы катышат деп пландалууда. Ага катышкандардын чарбалары уюштуруучунун эсебинде кооператив курамына кирет. Бул дыйкандарга айыл чарба техникаларын жана тиешелүү өнүмдөрдү алууга, ошондой эле чийки затты кайра иштетүүгө 50 пайыздык субсидия алууга шарт түзөт. Долбоорду каржылоого республикалык бюджеттен 3 миллиард теңге бөлүндү.