Тайган менен дөбөт тукуму көбөйтүлөт

Тайган менен дөбөт тукуму көбөйтүлөт

Казакстанда жети байлыктын бири болгон казак дөбөтү менен кумайык тайганын сактап, көбөйтүү боюнча ыйгарым укуктуу орган түзүлөт. Мажилис аталган асыл тукумдагы жергиликтүү иттерди коргоого багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Атайын түзүлгөн борбордун компетенциясына тайган менен дөбөттүн китебин жүргүзүү, канынын тазалыгын айырмалоо жана породалардын стандарттарын иштеп чыгуу сыяктуу милдеттер кирет. Ошондой эле мыйзамда кинологиялык кызмат, келип чыккан жери тууралуу сертификат, бирдиктүү асыл тукум китеп, казак ит породалары жана улуттук аңчылык стандарты түшүнүктөрү аныкталган. Мамлекет бул тармакта иштеген коомдук бирикмелерге социалдык буйрутмаларды берүү менен каржылап, колдоо көрсөтөт.

Амирхан Рахымжанов, Парламент Мажилисинин депутаты:

Мыйзам долбоорунда  Казакстан Республикасынын илимий уюмдары ишке ашыра турган казак ит породаларын сактоо жана көбөйтүү тармагындагы илимий изилдөө боюнча жобо көздөлгөн. Илимий уюмдар, ыйгарым укуктуу орган, улуттук борбор, ошондой эле кинологиялык ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелер менен бирдикте казак итинин породаларын сактоо жана көбөйтүү жагында мамлекеттик илимий-техникалык программаларды иштеп чыгышат. Мыйзам долбоорунун жоболорун ишке ашыруу үчүн 1,4 миллиард теңге керектелет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков