Хакатон жеңүүчүлөрү сыйланды

Хакатон жеңүүчүлөрү сыйланды

Борбор калаада мунай жана газ тармагы багытында IT адистери үчүн эки күндүк хакатон өттү. Байге фонду 10 миллион теңгени түзөт. Сынакка 160тан ашык долбоор келип түшкөн. Ага 10 топ жолдомо алат. Форумдун жыйынтыгында  тармактагы эң мыкты санариптик чечимдер үчүн үч команда жеңишти бөлүп алышты. Форумда алар тетиктердин-бөлүктөрдүн минималдуу-максималдуу деңгээлин эсептөө тутумун, акылдуу маалымат такталарын колдонуу менен жолдорду жана унааларды анализдөө системаларын түзүштү. Белгилей кетсек, бул хакатон мунай компаниясында биринчи жолу өтүп жатат. Ага ылайык уюштуруучулар долбоорду жыл сайын өтүүчү салтка айландырууну көздөшүүдө.

Улан Бүркитов, мунай компаниясынын өкүлү:

Бүгүнкү хакатон абдан ийгиликтүү жана пайдалуу болду деп ойлойм. Эң негизгиси, бул биздин компаниянын маалыматтык коопсуздугуна, бизнес процесстерин жакшыртууга олуттуу салым кошо алат. Мындай кызматташтык келечекте дагы өнүгөт жана биз жергиликтүү IT жана стартап долбоорлору, ошондой эле компаниялар менен өнөктөштүгүбүз уланат деген ишенимдемин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков