Университеттер ортосундагы кызматташтык

Университеттер ортосундагы кызматташтык

Көкшетау университети Түштүк Кореянын 5 университети менен кызматташтык түздү. Казакстан делегациясы Сеулдагы элчиликтин жардамы менен Кореянын эң мыкты окуу жайларында болушту. Алардын бири Көкшетауга Корей тилин үйрөтүү үчүн өз кызматкерлерин жиберүүгө макул болду. Ал эми Чокон Валиханов атындагы университеттин окутуучулары корей студенттерине казак тилин үйрөтүшөт. Ошондой эле, техникалык адистиктер боюнча кош дипломду иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлдү. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы үч жылдын ичинде Казакстанда 5тен кем эмес чет элдик ЖОЖдордун филиалдарын ачууну тапшырган.

Жайлагүл Сагындыкова, Көкшетау университетинин проректору:

Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстандын жогорку окуу жайлары учурда чет элдик университеттер менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө басым жасашууда. Негизи IT, киберспорт жана педагогика тармактарында эки эселенген программалар болот. Алдыдагы убакытта филиалдарды ачуу маселесин көтөрүүнү пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков