Казакстанда быйыл айдоо аянты 23 миллион гектардан ашат

Казакстанда быйыл айдоо аянты 23 миллион гектардан ашат

Облустук акимчиликтердин маалыматы боюнча, бул былтыркы көрсөткүчкө барабар, деп билдирет Айыл чарба министрлиги. Башкармалыкта жазгы талаа иштерине даярдык боюнча ыкчам штабдын биринчи отуруму болуп өттү. Быйылкы жылы дан жана тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын көбөйтүү мерчемделген. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде 18 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалат. Ошондой эле жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн айдоолорун арттыруу белгиленген. Мындан тышкары 10 миң гектарга жакын жерге күрүч эгилет. Мамлекет айыл чарба өсүмдүктөрүн субсидиялоо программаларын ишке ашырууну улантат. Белгилей кетсек, быйыл үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү субсидиялоого жергиликтүү бюджеттен 11,4 миллиард теңге, жер семирткичтерди субсидиялоо программасына 31 миллиард теңгеден ашык каражат каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков