Жетису облусунда Абай Кунанбай уулунун эстелиги орнотулат

Жетису облусунда Абай Кунанбай уулунун эстелиги орнотулат

Учурда жасоо иштери жүрүп жатат. Казак жазма адабиятынын негиздөөчүсүнүн айкели быйыл жазда жаңы драма театрдын аянтчасына орнотулат. Анын бийиктиги тогуз метрди түзөт. Эстеликтин жасалышы жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Асет Мусабаев, Талдыкорган шаарынын акими:

- Скульптордун өзү жактыргандан кийин иш башталды. Ал 300 миллион теңге сумманы сунуштаган. Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айында эстелик орнотуп, шаар тургундарына, конокторуна тартуулайбыз деп ойлойм.

Эсиңиздерге сала кетсек, казактын улуу агартуучусунун эстеликтери чет өлкөлөрдө да орнотулган. Орусия, Иран, Өзбекстан, Кытай, Венгрия, Египет, Азербайжан, Франция, Түркия, Грузия, Румыния, Швейцария, Украина, Түштүк Корея, Германия, Кыргызстан, Индия сыяктуу өлкөлөрдө кылымда бир жаралчу инсандын айкели тургузулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков