Павлодар аймагындагы инновациялык технологиялар

Павлодар аймагындагы инновациялык технологиялар

Анын ичинде жалпы  автоартериялык операциясы. Жалпысынан медициналык мекеме иштеген 10 жылдын ичинде бул жерде жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган дээрлик 50 миң бейтап дарыланып, 25 миң операция жасалып, анын 7 миңи жүрөккө ачык жасалган. Алсак, өткөн жылы Павлодар дарыгерлери аортада татаал операция жасашкан.

Гүльжана Жакова, облусттук кардиология борборунун мүдүрү:

- Жалпысынан кардиохирургияда каралган жети татаал операциянын алты түрүн жасайбыз, бир гана жүрөктү алмаштыруу жасалбайт. Бирок биз муну менен эле токтоп калбай, жүрөктү трансплантациялоого өтүү үчүн алдыга умтула беребиз, максаттарыбызды ишке ашырабыз деп ишенебиз.

Амангельди Муканов, бейтап:

- Беш күндөн кийин өзүмдү эркин сезип калдым, ээн-эркин басып жүрөм, ашыкча эч нерсе жок. Биздин медицина жогорку денгээлде. Бардык дарыгерлер адамгерчилик менен мамиле жасашат.

Борбордун адистери тажрыйбалык чеберчиликтерин тынымсыз жогорулатып келишет. Атап айтканда - дүйнөнүн алдыңкы медициналык мекемелеринде билим алуу. Мында - облустун тургундарына жогорку технологиялык кардиохирургиялык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков