Казакстан аймактын санариптик хабына айланат

Казакстан аймактын санариптик хабына айланат

Бул үчүн зарыл болгон чаралар мамлекеттик органдардын тармактык концепцияларында жана өнүктүрүү пландарында чагылдырылууга тийиш. Өкмөт башчы бир катар тапшырмаларды Инновация жана аэрокосмостук өнөр жайды санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында билдирди. Алихан Смаилов Smart Data Ukimet боюнча бардык маалыматтык системаларды борборлоштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө улуттук маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана космостук технологияларды улуттук экономикага интеграциялоо боюнча иштер активдештирилет. Тиешелүү мекеменин алдында дагы бир маанилүү милдет – бул Казакстандын аймактагы санариптик хабга айланышы. Бул үчүн жалган куран айынын 1не чейин министрликке тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алуу тапшырылды. Буга кошумча маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун ишке киргизүү жана трансчек аралык була-оптикалык магистральдарды куруу боюнча конкреттүү кадамдарды чагылдырышы керек. Алар Казакстан аймагы аркылуу Европа менен Чыгыш Азияны бириктирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков