Казакстандык куткаруучулар Түркияга жардамга жөнөдү

Казакстандык куткаруучулар Түркияга жардамга жөнөдү

Алардын катарында медициналык кызматкерлер жана куткаруучу иттер да бар. Ата мекендик бригада атайын техникаларды жана жабдууларды, авариялык-куткаруу унааларын, медициналык жабдууларды, пневмо-модульдук чатырларды ала кетишти. Алар кыйраткыч жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы издөө-куткаруу иштерине катышышат.

Түркия менен Сирияга эл аралык коомчулуктар көмөк көрсөтүүдө

Ошол эле учурда эл аралык коомчулук да Түркияга жардам колун сунат. Греция куткаруучулардан тышкары өлкөгө дарыгерлерди жана сейсмологдорду жиберди. Бириккен Араб Эмираттары Түркияда талаа ооруканасын ачып, Катар тез жардам жөнөттү.

Европа Биримдигине мүчө 15 мамлекет куткаруучуларын жөнөтө баштады. Биримдик Анкаранын талабы боюнча жарандык коргонуу механизмин ишке киргизди. Еврокомиссия өзгөчө кырдаалдардын карталарын түзүү үчүн «Коперник» спутник системасын пайдаланууга берди. Брюссель Сирияга да ушундай жардам көрсөтө баштады.

Балаж Уджвари, Еврокомиссиянын басма сөз катчысы:

Биз Европанын бир катар өлкөлөрүнөн 10дон ашык издөө-куткаруу топторун түздүк. Алардын арасында Болгария, Хорватия, Чехия, Франция, Греция, Нидерланды, Польша жана Румыниядан келген адистер бар. Бул топтор жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарга биринчи жардам көрсөтүүгө катышат. Мындан тышкары Венгрия, Италия, Испания, Мальта жана Словакия да өз жардамын сунушташкан. Башка колдоо чараларын ишке ашыруу үчүн түрк бийлиги менен дайыма байланыштабыз.

Түркияда жер титирөөгө байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды

Режеп Тайып Эрдоган Түркиядагы жер титирөөдөн улам 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Ал бирдин айынын 12не чейин уланат. Апта ичинде Түркияда жана анын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде мамлекеттик желек жарым жартылай ылдый түшүрүлөт. Өлкөдө мектептер жана университеттер ишин токтотту. Эске сала кетсек, бирдин айынын 6да Түркиянын түштүк-чыгышында бир сутканын ичинде күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, 5,5 миңден ашуун имарат талкаланган. Кырсык болгон аймактарда 15 миңдей куткаруучу жана аскер кызматкерлери иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков